Эртең, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында "UFC 257" турнири өтөт. Турнирдин негизги беттешинде ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор менен дагы бир белгилүү мушкер Дастин Порье кез келет.
"UFC 257" турнири Бишкек убактысы боюнча саат 05:15те башталат. Негизги карддык беттештер Бишкек убактысы боюнча 09:00дө башталат. Ал эми, негизги беттеш катары өтө турган Макгрегор-Порье беттеши болжол менен саат 11:00 -11:30 (беттештердин бүткөнүнө жараша) башталат.
SUPER.KG порталынан эки мушкердин беттешин онлайн окусаңыздар болот.