UFC уюмунун чемпиону, орусиялык атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов эртең, 24-январда өтө турган Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин беттешинде Порьенин жеңишке жетерине ишенет. Мындай пикирин орусиялык мушкер чет элдик спорттук басылмаларга билдирген.
"Башында Конор Макгрегор бир топ активдүү болот. Бирок, Дастин Порье беттештин үчүнчү же төртүнчү бөлүгүндө аны жеңе алат", - деген Хабиб Нурмагомедов.
Хабиб Нурмагомедов Макгрегор менен да, Порье менен да беттешип, экөөндө тең жеңишке жетишкен.