"Макгрегор түшүнбөй калды". "Сенсация" Дастин Порье Конор Макгрегорду нокаутка учуратты (хронология)

Бүгүн, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында "UFC 257" турнири өтүп жатат. Турнирдин негизги беттешинде ирандиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык мушкер Дастин Порье кез келип, Порье Макгрегорду беттештин экинчи бөлүгүндө нокаутка учуратты.

Конор Макгрегор менен Дастин Порье алгач 2014-жылы беттешишкен. Анда Макгрегор атаандашын беттештин биринчи бөлүгүндө нокаутка учураткан.

2021-01-24 11:46:00

Конор Макгрегор бир аз маанайы түшүп, бүгүнкү беттеште активдүү болсо дагы өзүнө активдүүлүк жетишпегенин айтты.

2021-01-24 11:44:00

Дастин Порье туулуп өскөн шаарына, үй-бүлөсүнө жеңишин арнады.

2021-01-24 11:39:00

Ой-ойой-оооой. Порье эмне кылды? Конор Макгрегорду Дастин Порье нокаутка учуратты

2021-01-24 11:38:00

Макгрегор үчүнчү ирет таамай сокку узата алды. 

2021-01-24 11:36:00

Беттештин экинчи бөлүгү башталды. Макгрегор кайрадан активдүү болуп, чабуулду көбүрөөк уюштурууда.

2021-01-24 11:35:00

Беттештин биринчи бөлүгү аяктады. 

2021-01-24 11:34:00

Макгрегор Порьенин бетине таамай сокку узатты.

2021-01-24 11:34:00

Порье бир аз чочулап, коргонуу менен беттешти улантууда. Макгрегор сол колу менен экинчи ирет таамай сокку узатты.

2021-01-24 11:33:00

Эки мушкер кармашуу учурунда кыска сүйлөшүүгө жетишти.

2021-01-24 11:32:00

Порье Макгрегордун бутуна кирип жыгууга үлгүрдү. Эки мушкер кайрадан кармашты улантууда.

2021-01-24 11:31:00

Эки мушкердин беттеши башталды. Көрүүчүлөр мушкерлерди жылуу колдоп жатышат.

2021-01-24 11:31:00

Хабиб айткандай Конор Макгрегор азырынча Порьеге караганда активдүү болууда.

2021-01-24 11:30:00

Беттештин башкы калысы эки мушкерге эрежелер тууралуу түшүндүдү.

2021-01-24 11:27:00

Беттештин алып баруучусу эки мушкерди тааныштырууда.

2021-01-24 11:26:00

Конор Макгрегор ал ортодо көрүүчүлөргө бийлеп берүүгө жетишти

2021-01-24 11:25:00

Порье калыстардын текшерүүсүнөн өтүп, октагонго чыкты.

2021-01-24 11:24:00

Дастин Порье өзүнүн командасы менен октагонго жакындап келүүдө.

2021-01-24 11:23:00

Конор Макгрегорду көрүүчүлөр кызуу колдоп жатышат.

2021-01-24 11:21:00

Мушкер текшерүүдөн өтүп, октагонго чыкты. Аны баары колдоп жатышат.

2021-01-24 11:20:00

Конор Макгрегор октагонго биринчи чыгып келүүдө.

Дастин Порье Конор Макгрегорду нокаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kubanychbek9898
2021-01-24 11:45:59
Дастин азаматсын!
+4
nazarnew
2021-01-24 11:49:51
Эми кебаб менен болгон реванш бүттү.
+4
Bolotbek9191
2021-01-24 12:04:02
Кутуусуздон женишке жетти
-3
Tyty1990
2021-01-24 15:47:22
Bolotbek9191,сен күтүүсүз төрөлгөнсүн
+1
munarbek.92
2021-01-24 13:18:07
конор эми кет спорттон жетет ушул жагы сага
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан