Ырчы Асел Кадырбекова Түркияга дарыланууга кете турганын буга чейин ырчы Нурлан Насиптин атасы тойкананын ачылышында билдирген. Азыркы тапта кош жылдыздар кызы Дария менен аталган өлкөдө жүрүшөт.
Ал эми Асел Кадырбекова социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу жолдошу Нурлан Насипке ыраазычылыгын билдирди. Айтымында, ал башына келген кырсыкты сыноо катары кабылдайт жана бул оор сыноодо жанында жүргөн Нурлан Насипке алкышы чексиз.
"Башыбыздан өткөн нерселердин бардыгын мен Кудайдын сыноосу катары кабылдайм. Албетте бул учурда жолдошумдун туруктуулугу сыноодон өттү. Эгер макул болсоңуздар, бул сыноого ар бир эле эркек чыдай алмак эмес. Ал учурда Нурлан жөн эле качкысы келген күндөр болгон чыгар... Менин калыбыма келүү мезгилим оңой болгон жок. Бирок сага рахмат, менин "каприздериме" чыдап, жанымда болгонуң үчүн! Жашообуз мындан ары жаркырай берсин", - дейт Кадырбекова.