Бүгүн, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында "UFC 257" турнири өтүп жатат. Алдын-ала беттештердин алкагында орусиялык мушкер Мовсар Евлоев америкалык Ник Ленц менен кез келип, атаандашынын үстүнөн жеңишке жетти. Жеңишинен кийин Евлоев UFC уюмунун президенти Дана Уайтка кайрылды.
"Дана, мени ук. Мен мыкты 15 мушкердин арасына кирүүгө татыктуумун", - деди Евлоев.
Мовсар Евлоев муну менен UFC уюмунда катары менен төртүнчү жеңишине жетти.
Мовсар Евлоев Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болгон Муслим Евлоевдин бир тууган агасы.