Алексей Навальныйды колдогон акциялар Орусиянын кеминде 11 аймагында өтүп, 3 миңден ашык митингчи кармалды

Кечээ, 23-январда, Орусиянын бир топ шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон нааразычылык акциялары өттү.

Бүткүл орусиялык митингдерди уюштурууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан уруксат берилген эмес жана укук коргоо органдары тарабынан акцияларды токтотуу аракети көрүлөрү эскертилген. Бирок Навальныйдын колдоочулары Орусиянын ондогон шаарларында жүрүшкө чыгышып, жүздөгөн протестанттар полиция тарабынан кармалды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, бир нече аймактарда жүрүштөр тынч өтүп, айрым шаарларда катышуучуларга медициналык маскалар таратылды. Ал эми Москва, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток өңдүү шаарларда баш аламандыктар орун алып, полиция тарабынан күч колдонулду. Митингчилер полицияга жооп кылып кар жана бөтөлкөлөр менен урушуп, жабыркагандар эки тарапта тең болду.

Москва шаары

Москва шаарында 1294 протестант кармалган. Алардын арасында Алексей Навальный тарабынан түзүлгөн Коррупция менен күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболь жана жубайы Юлия Навальная бар. Оппозициячыл саясатчынын жубайы кечке жуук коё берилсе, Соболго 20 миң рубль өлчөмүндөгү айып пул салынган.

Полиция акциянын катышуучуларын кармоону эртең менен "Пушкин" аянтынан баштаган. Аталган аянтта 14:00гө жакын алгачкы кагылышуулар орун алган. Кечке жуук "Пушкин" аянтындагы митингчилер Страстной бульварга жөнөшүп, алардын жолун тоскон омон отрядын сүрүп киришкен.

Санкт-Петербург шаары

Санкт-Петербург шаарындагы митингчилер алгач "Сенат" аянтындагы Петр Iдин эстелигинин жанына чогулуу аракетин көрүшкөнү менен полиция буга жол берген эмес. Андан кийин жөө жүрүүчүлөр Невский кең көчөсүнө бет алышкан. Ал жактагы омондун курчоосун күч менен бузуп өтүп, бир топ убакытка Невский кең кчөсүндөгү кыймылды токтотуп турушкан. Жүрүштөр шаардын дагы бир нече аймагында орун алып, жалпысынан полиция 489 адамды кармаган.

Башка шаарлар

Алгачкылардан болуп нааразычылык акциялары ыраакы чыгыштагы Владивосток, Хабаровск,Якутск өңдүү шаарларда башталды.

Новосибирск шаарында митингчилер шаар борборунан "Ленин" аянтына чейин жүрүш жасады. Аларды токтотууга аракет кылган полиция кызматкерлери менен кагылышуу болуп, жыйынтыгында 95 адам кармалды.

Екатеринбург шаарындагы жүрүш алгач тынч өтүп, кечке жуук баш аламандыктар башталды. Омон тарабынан 8 адам кармалып, калган протестанттар тоңуп калган шаардагы көлмө тарапка сүрүлдү.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, митинг Орусиянын кеминде 111 аймагында өтүп, жалпы 3296 митингчи кармалган. Алардын көпчүлүгү кечке жуук коё берилип, айрымдарына "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу", "мамлекеттик мүлктөргө зыян келтирүү" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Ал эми расмий бийлик органдары кармалгандар тууралуу маалымат бере элек.

Маалым болгондой, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-01-25 13:31:53
Качандыр бир кезде Орусия да бир кичинекей өлкө болуп калышы толук мүмкүн. Буга далил Рим империясы убагында дүйнө жүзүн башкарып турган эле арзыр карачы кичинекей эле Италия. Чынгыз хан да убагында канчалаган жерди башкарып турган эми карачы кичинекей Монголия Кокон хандыгы ал да канча жерди башкарып турган эми карачы кичинекей Турция. Убагында орустарды 200 жыл башкарып турган татарлар эми болсо кичинекей Башкирия ошондуктан Орусия ошентип жок болуп кетиштен коркот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан