Дастин Порье: "Эгер Хабиб кайтып келбесе, анда мен жана Макгрегор жеңил салмактагы эң мыктыбыз"

Бүгүн, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында "UFC 257" турнири өттү. Турнирдин негизги беттешинде ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык мушкер Дастин Порье кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө Порье Макгрегорду нокаутка учуратты.

"Конорго болгон сый-урматтан башка эч нерсе айта албайм. Бул мен жана командам үчүн өтө сонун жеңиш. Мен үйгө кайтып барып дагы өз каталарымдын үстүнөн иштейм. Мен бүгүн аябай жакшы мушташтым. Негизги милдет мушташуу эмес, соккуларды таамай жеткирүү болчу. Бул оюнда Конордун жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп ойлогом. Бирок мен аны аткардым. Эгер Хабиб кайтып келбесе, анда мен жана Макгрегор жеңил салмактагы мыктыларбыз", - деди беттештен кийин Дастин Порье.

Конор Макгрегор менен Дастин Порье алгач 2014-жылы беттешишкен. Анда Макгрегор атаандашын беттештин биринчи бөлүгүндө нокаутка учураткан.

Макгрегор-Порье беттеши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2021-01-24 14:18:48
Данарбек уайт үйүнө бекинип алып өкүрүп атса керек, реванш конор кебаб 2 ойго ашпай калды.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан