Бүгүн, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында "UFC 257" турнири өттү. Турнирдин негизги беттешинде ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык мушкер Дастин Порье кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө Порье Макгрегорду нокаутка учуратты.
Беттештен кийин жеңилүү ызасын тарткан Конор Макгрегор 2021-жылы дагы беттештерге даяр экенин айтты.
"Көптөн бери активдүү боло албай жүрдүм. Сиздер мени 2021-жылы дагы көрө аласыздар. Мен жигердүү болушум керек. Эми үй-бүлөм менен убакыт өткөрүп, андан кийин машыгуумду баштайм", - деди Макгрегор.
Бул беттеш эки мушкердин экинчи беттеши. Биринчиси 2014-жылы өтүп, анда Макгрегор Порьени беттештин биринчи бөлүгүндө нокаутка учураткан.