Бүгүн, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында "UFC 257" турнири өттү. Турнирдин негизги беттешинде ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык мушкер Дастин Порье кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө Порье Макгрегорду нокаутка учуратты.
Беттештен кийин эки мушкер өтүп бара жатып кыска сүйлөшүүгө жетишишти. Анда Макгрегордун аксап басып бара жатканын көрүүгө болот.
"Менин бутумду ооруттуң сен. Эң мыкты, куттуктайм!", - деп кыска гана сүйлөгөн Макгрегор.
Бул беттеш эки мушкердин экинчи беттеши. Биринчиси 2014-жылы өтүп, анда Макгрегор Порьени беттештин биринчи бөлүгүндө нокаутка учураткан.