Бразилияда учак кырсыгынан төрт футболчу жана клубдун президенти каза болду

Футбол боюнча Бразилия чемпиондугунун "D" сериясында ойногон "Пальмас" футболдук клубунун төрт футболчусу жана президенти учак кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 24-январь күнү эртең менен Лузимангесе аэродромунда болгон. Анда абага көтөрүлгөн жеке учак бир нече мүнөттөн кийин учуп-конуу тилкесинин бүтө беришине кулап түшкөн. Бортто Лукас Пракседес, Гильерме Ноэ, Рануле, Маркус Молинари аттуу футболчулар, "Пальмас" клубунун президенти Лукас Мейра жана учкуч болгон.

Футболчулар "Вила Нова" клубуна каршы ойноо үчүн Гояния шаарына учуп чыккан.

Бразилияда 2016-жылы дагы учак кырсыгынан "Шапекоэнсе" футболдук клубунун оюнчулары каза болуп, үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан