Кечээ, 24-январда Орусиянын Санкт-Петербург аймагында полиция тарабынан Volkswagen үлгүсүндөгү унаанын ээси жасалма документ менен кармалып, ал Кыргыз жараны экендиги аныкталган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"Санкт-Петербург шаарында Кыргыз өлкөсүнөн барган мигрантка кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ал жасалма документ менен Приморский районунда кармалган. Кыргыз жараны айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, административдик протокол түзүлгөн. Ошондой эле ага кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн полицияга жеткирилген. Чет элдик унаа атайын унаа токтотуучу жайга токтотулду", - деп жазылат маалыматта.