Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында диний кастыкты күчөтүүгө шектелген жарандын үйүнөн тыюу салынган китептер жана дисктер табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 26 жаштагы М.А. аттуу тургундун үйүн тинтүү учурунда 8 тыюу салынган китеп, 4 баракча жана дисктер чыкты. Үй ээси табылган буюмдар байкесине таандык экенин айтты. Учурда үй ээси менен кошо анын 32 жаштагы Т.Б. аттуу агасы Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында сурак берүүдө.