Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилет туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды

Авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат Орусияга авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетүү фактысы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

"Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө ЭККМКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Учурда республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Datka7777
2021-01-25 11:09:37
Уйду изде десе жибин издеген заман да! Он миндин билетти 40-50 минге которуп жиберген авиакомпанияларды текшербейсинерби? При чем тут авикасса?? Авиакасса авиакомпания коюп берген баага озун 0,1 проценттин коюп гана сатат
0
ika8086
2021-01-25 11:11:33
башын жегирлер каанча адамдын мазасин алды бул билет саткандар.Билседа билмексен болуп чокусуна чыгарды эми билеттер арзандаса экен.Ошончо кымбатка саткан билеттердин акчалары тур опердида куткара албайт эми.Жооп берсин мыйзамга карап
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан