Кальян чеккендердин рак оорусуна чалдыгуу коркунучу бар.
Бул тууралуу дарыгер, теле алып баруучу Александр Мясников орусиялык телеканалга маек берип жаткан учурда айтты.
"Кальян чеккенибизде биз бир жарым куту тамеки чеккендей эле зыяндуу заттарды демибиз менен ичебиз", - деди ал. Мясников кальян чегүү өпкөнү зыяндуу түтүндүн майда бөлүкчөлөрү менен дем алдыргандыктан өпкө рагына алып келерин кошумчалаган.
Дарыгер кальянды ооз көңдөйүндөгү рактын пайда болушунун коркунучтуу фактору деп атаган.
Мясников белгилегендей, кан уюп калса анын пайда болушунун себебин мүмкүн болушунча так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылып, толук текшерүүдөн өтүшү керек.