"Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган апаны клипке тартуу ниетим бар" дейт ырчы Нарынбек Калыбаев

Ырчы Нарынбек Калыбаевдин репертуарындагы акыркы ырлардын бири "Лампочкам" деп аталат. Чыгарма президент Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган апанын сөзүнөн улам жазылган. Тамашалуу ыры тууралуу ырчы буларга токтолду.

"Чыгарманы Садыр Жапаровдун Жалал-Абад шаарындагы эл менен болгон жолугушуусунда сөз сүйлөп, Жапаровду "лампочкам" деген апанын сөзүнөн улам жаздым. Негизи патриоттук чыгармаларды аткарып келем, бул жолу тамашалуу ыр жазайын деп ойлодум. Көпчүлүгү жакшы кабыл алды, айрымдары "ушундай да ыр болмок беле" дешти.

Буюрса, күн жылыса клипти тартуу иштерин баштайбыз. Эгер "лампочкам" деген апа макул болсо клипке башкы каарман кылып тартайын деп ниеттенип жатам", - деди ал.

Нарынбек Калыбаевдин "Лампочкам" ырын МЕДИА-ПОРТАЛДАН угуп жана көчүрө аласыз.

Өткөн жылы ноябрда Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы болуп турганда Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда эл менен жолугушуу өткөргөн. Анда сөзгө чыккан жашоочулар бир топ көйгөйлөрдү айтышып, Жапаровго суроолорду узатышкан. Дал ошол жыйында Садыр Жапаровго кайрылып жатып "Садага болоюн, Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам" деп айткан апанын видеосу интернетке жайылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-01-26 02:14:25
Байкуштар, колунан келишиниче кошамат кылып жатышат
+4
Zumrudianka
2021-01-26 03:35:40
Erlan_95,Ай байкуш сага окшогон эркектерге кыйын болду катынга окшоп
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан