Индия-Кытай чек арасындагы кагылышууда аскерлер жаракат алганы айтылууда

Индиянын түндүк Сиккимде Индия-Кытай чек арасында 20-январдагы кагылышууда 4 индиялык жана 20га чукул кытайлык аскер кызматкерлери жаракат алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Бирок бул маалыматты кытайлык "Global Times" басылмасы 20 кытайлык аскер кызматкери жаракат алган деген маалымат чындыкка дал келбестигин жазышууда. Ошондой эле индиялык аскер кызматкерлери дагы аталган маалыматты расмий тастыкташкан эмес.

Кытай-Индия чек арасында 2020-жылы жазында кол салуу жаралган. Азыркы убакытка чейин Пекин жана Дели бир жолу дагы бири-бирин чек араны бузуу боюнча айыптоо койгон эмес. Ал эми маалымат каражаттары эки тараптын тең жоготуулары тууралуу маалымдап келишкен. Бирок аскер кызматкерлери бул маалыматтарды тастыктаган эмес.

Өткөн жылдын жай айларынын аягында Кытай жана Индия чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Сентябрь айында Кытай Эл Республикасынын коргоо министри Вэй Фэнхэ Москвада индиялык кесиптеши Раджантх Сингх менен жолугушкан. Андан соң эки тараптын тышкы иштер министрлери Ван И жана Субраманьям Жайшанкар чек арадагы абалды стабилдештирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан