Украинада "кнопка баскыч" депутаттар жазаланат

Украинанын депутаттары өздөрү үчүн гана кнопка басып добуш бере алгыдай систем Жогорку Радада орнотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта Раданын депутаттары буга чейин жыйынга келбеген кесиптештери үчүн да добуш берип келишкени айтылат.

"Мындай жаңычылдык Рададагы "кнопка басуучулукту" токтотуу үчүн киргизилди. Мындан тышкары жыйындар өтүүчү залда кошумча видео камералар орнотулат. Депутаттар добуш берүүнүн процедурасы бузулуп жатканын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү байкап калбаш үчүн, келбей калган кесиптешинин добуш берүүчү пультунун жанына китептерди коюп же пульттун үстүн кагаз менен жаап койгондогу видеолор тараган", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 13-январда Украинанын президенти Володимир Зеленский башкалар үчүн "кнопка баскандарды" кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон.

"Кнопка баскычтар". Украинада депутаттар келбей калган кесиптештери үчүн кантип добуш берет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Talantus
2021-01-26 08:13:43
Бизге да ошол мыйзам ото зарыл
+3
Shanson
2021-01-26 17:34:26
Мыйзам чыгарып отурбай эле. Ар бир депутат отурган жерге бармак издери менен идентификация кылчу техниканы колдонушсун. Ошондо эч ким башка бирөө үчүн добуш бере алышпай калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан