WhatsApp мессенджери 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту

Популярдуу WhatsApp мессенджери январдын башынан бери 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга колдонуучулардын тиркемедеги жаңыланган шарттарды колдонуудагы кыйынчылыктар себеп болгон. Мунун натыйжасында WhatsApp колдонуучулар Signal жана Telegram сыяктуу мессенджерлерге өтө башташкан.

Британ парламентинин комитетинин маалыматына ылайык, январь айынын үч жумасында Signal мессенджеринин колдонуучуларынын саны 7,5 миллион адамга көбөйгөн, 25 миллиондой колдонуучу Телеграмга кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chikoosha
2021-01-26 10:18:55
Гб Ватсап эле колдонуп калдыкда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан