Бүгүн, 26-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 99 миллион 674 миң 951 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 53 миллион 691 миң 678 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 139 миң 183 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 25 миллион 272 миң 812 болду. 420 миң 877 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 667 миң 736 адамдан аныкталды. 153 миң 470 адам каза болсо, 10 миллион 265 миң 706 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.