Орусиянын Челябинск шаарында жөө адамдар өтүүчү жолдон маршруттук такси балалуу аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсыктан аялдын буту сынып, баласы унаанын астына кирип кеткен. Окуяга күбө болгондор маршруттук таксинин айдоочусу укук коргоочулар келгенге чейин унаасынан түшпөй отуруп алганын айтышкан.
"Тез жардам" кызматы аялды баласы менен кошо ооруканага алып кеткен. Бирок эне-баланын абалы кандай экендиги айтылган эмес.
Учурда бул иш боюнча тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы жазылат маалыматтарда.