Орусиянын Пенза шаарында 5 кабаттуу үйдүн чатырынан түшкөн муз кызды басып кала жаздады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Видеодо көрүнүп тургандай эч нерседен кабары жок кыз үйдүн жанынан өтүп бара жаткан маалда үйдүн чатырынан муз түшкөн. Кийинчерээк музду чатырды кардан тазалап жаткан жумушчулар түшүргөнү маалым болгон.
Бактыга жараша, кыз эч кандай жабыр тарткан эмес жана эч нерсе болбогондой жолун улаган.