"Кызыбыз клиптеги ролун 100 пайыз жакшы аткарды". Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Наристем, балапаным" клиби МЕДИА-ПОРТАЛДА

Ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека "Наристем, балапаным" аталышындагы ыр жаздырып, клип тарттырган. Түгөйлөр клипке кызы Ариананы тартышкан. Анда кызыбыздын жүзүн көрсөтпөгөнгө аракет кылдык деген Айдана Дека клип тууралуу буларды айтып берди.

"Биз үчүн клип тартуу абдан жакшы болду. Башында кызыбыз кантип тартылат, кыйнабайбы дегенбиз. Кудайга шүгүр, кызыбыз бизди таң калтырып күлчү жерден күлүп, оюнчуктарын чач десек чачып, биз менен ойночу жерден ойноп жатты. Анан дагы сюжетте уктай турган жери бар болчу, ошол процесске келгенде кызыбыз уктап, өзүнүн ролун 100 пайыз жакшы аткарды десем болот. Клип кызыбыз үчүн эстелик болот, анда Ариананын жүзүн көрсөтпөгөнгө аракет кылдык", - дейт ал.

Ырчылардын "Наристем, балапаным" клибин көрүү жана көчүрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baktiluumun.
2021-01-27 23:45:10
Чын жүрөктөн баары бир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан