Бул сүрөттү көрүп көпчүлүк окурмандар өзүнүн айылдагы күндөрүн эстейт болушу керек. Анткени борбор шаарда килемдерин эшикке алып чыгып күүп жаткан адамды дээрлик көрбөйсүң. Буга бир себеп борбор калаага жааган кар дароо эрип же бат эле кирдеп кеткенинде болсо керек.
Ал эми сиз көрүп жаткан сүрөт Орусиянын Орёл шаарында тартылган. Анда кошуналар калың жааган карга килемдерин алып чыгып күүп жатканын көрүүгө болот. Сүрөттүн автору - Игорь Бушкин.