Губернатор Педро Пьерлуизи аялдардын өлүмү көбөйгөнүнө байланыштуу Пуэрто-Рикодо өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Гендердик зомбулукка Пуэрто-Рикодо жол жок. Көп жылдардан бери аялдар гендердик теңсиздиктен жабыр тартып келишет. Мындан кийин мындай нерселерге жол берилбейт. Биз аялдардын укугун коргоо үчүн атайын системдүү кадамдарга барабыз. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн жазылган программа иштей баштады. Бириксек зомбулукту токтото алабыз", - деген Пьерлуизи.
Аталган чечим Энджи Ноэми Гонсалес аттуу медайым өзүнүн күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин кабыл алынган. Өзгөчө кырдаал 2022-жылдын 30-июнуна чейин уланат.