УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин убактылуу кармоочу жайдан жазылган каты өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыяланды.
"Салам, Айнура! Бардыгына салам айт. Сарсанаа болбогула. Баары Кудайдын колунда. Балдарды өөп кой. Баарыңарды жакшы көрөм. Баары өтүп кетет, башыңарды бийик көтөргүлө", - деп жазылат катта.
Кечээ, 25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.