Борбор шаардагы "Ататүрк" сейил багында милиция кызматкерин мазактагандарга кылмыш иши козголду
5-октябрь күнү саат 18:20 чамасында Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында милиция кызматкерин сөгүп, мазактагандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди. Аталган сейил бакта арак ичип отурган 25-30 жаштардагы 2 адам милиция кызматкеринин коомдук жайда спирт ичимдигин ичүүгө болбостугу тууралуу сөзүнө макул болушпай, аны сөгүп, коркутушкан. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган милиционер кайрылып, кармалгандар Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Кармалгандар Бишкектин 33 жаштагы Д.А. жана 30 жаштагы В.В. аттуу жашоочулары болуп чыкты. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда жатышат.