Бүгүн, 26-январда мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполго саат 09:00дө суракка киргени маалым болгон.
Саат 13:30да сурактан чыккан Исмаилова коронавирус инфекциясы боюнча күбө катары суралганын айтты.
"Мен коронавирус инфекциясы боюнча күбө катары суралдым. Өзүңүздөр билгендей, биздин медицина тармагыбыз күтүүсүздөн келген коронавируска даяр эмес болчу. Мен бул иш боюнча жоопкерчилигим жок. Пандемия маалында биз болгон аракетибизди жумшадык", - деди Исмаилова.