Өзбекстанда 28-январдан баштап концерт жана көңүл ачуучу иш-чараларга уруксат берилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын республикалык штабы маалымат таратты.
Атайын комиссиянын чечими менен концерттик иш-чараларды өткөрүүдө залдын отургучтарында көрүүчүлөр 50 пайыздан ашпашы керек. Келген коноктор жана кызматкерлер беткап кийип, санитардык эрежелерди жана
аралыкты сактоосу талап кылынат.
Атайын республикалык комиссиянын мындай чечими 2020-жылдын ноябрь айынан бери байкалып келе жаткан эпидемиологиялык кырдаалдын салыштырмалуу турукташуусуна байланыштуу, маданият тармагынын өкүлдөрүнүн кайрылуулары жана жарандардын маданий эс алуусуна шарт түзүү болгон.