"Үч кызым үч башка ооруканада". Анжелика кыздарынын жана өзүнүн абалы тууралуу айтты

Ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн жана 3 кызынын учурдагы абалы тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

"Кырсыктап калдык. Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз колубузду бекем кармашып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Айымам, Элимамды сагындым. Айымкамдын колу, буту, бели сыздатып жатат. Жаным, мен үчүн баарыңар кичинекейсиңер. Жаныңарга бара албай минтип жатам. Элимамды көрүп, биринчи жүрөгүм түшкөн. Бир бети көк ала, шишиген, жаным. Белим чачырап жатса дагы кыйкыра албадым, кыздарымды коркутуп алам деп корктум. Аябай чыдамкай кыздарым өсүп келе жатыптыр. Аман болгулачы, ананайындарым", - деп жазган ырчы.

Ошондой эле Анжелика кыздары менен учурда бир аз убакыт гана видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жаткандыгын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
PFC-CSKA
2021-01-27 10:29:17
Тезирек сакайып кеткиле Аллах шыраасын берсин!
+17
Rahat.
2021-01-27 10:44:30
Элге кылган жакшылыктарындын аркасы менен аман калдынар Кудайым колдоду тез сакайып кеткиле кайра кулкунорду угалы
+15
suban78
2021-01-27 10:49:54
Эртерээк айыгып чыгып уй булоно бар, бактылуу болгула.
+12
PeRa
2021-01-27 11:43:24
Эртерээк айыгып кеткиле. Көзүн ача калып эле кайра инстаграмм.
+8
nazira...
2021-01-27 12:07:32
PeRa,ошо да, тооба.
+5
nazira...
2021-01-27 12:09:31
Буларга айткан менен барибир экен да, энеси деле кой дебейби.
+5
Mirzita81
2021-01-27 14:19:52
Анжелика жашосунда хайп кылшанды жакшы корчу эле калп эле бирок эми чындап хайп болду . КУДАЙГА тообо келтирели . Балдарын мн аман бол денсоолук каалайбыз
+4
Nuri1988Elim2010
2021-01-27 21:17:00
Кудайым ден-соолук берсин
+1
Bolotbek9191
2021-01-27 22:24:36
Абайлаш керек акырынраак журуп дегендей Аллах шапаасын берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан