Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу Одилжон Абдурахманов Өзбекстандын "Бунёдкор" футболдук клубундагы алгачкы голун жаратты.
Фергана облусунун кубогунун алкагында өткөн "Бунёдкор" - "Турон-2" клубдарынын ортосундагы беттеште кыргыз футболчусу оюндун экинчи бөлүгүндө талаага чыгып, 63-мүнөттө гол жаратты. Оюн 3:2 эсебинде "Бунёдкор" клубунун жеңиши менен аяктады.
Одилжон Абдурахманов "Бунёдкор" клубуна 16-январда кошулган. Ал буга чейин Оштун "Алай" клубунда ойногон.