Дагы бир кыргыз футболчусу Испаниянын "Леванте" футболдук клубунун кароосуна кошулду

Жаш кыргыз футболчусу Аким Бектурганов Испаниянын "Леванте" футболдук клубунун кароосунда жүрөт. Бул тууралуу Балдар футбол лигасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аким Бектурганов бишкектик "Дордой" футболдук клубунун тарбиялануучусу. Ал 14 жашка чейинкилер арасында 2020-жылы өлкө кубогун жеңип алган.

Аким Бектурганов "Леванте" клубунун кароосунда жүргөн экинчи футболчу. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан Кыдыршаев аталган клубдун кароосунда жүргөндүгү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek11
2021-01-27 15:21:22
Азаматсынар силерди Мессиге каршы оюнуңарды көрүүнү каалайбыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан