Самара Каримова директорлуктан баш тартууга мажбур болгон окуу жайга жаңы жетекчи дайындалды

Ырчы Самара Каримова нааразычылыктардан улам директорлук кызматтан баш тарткан Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына бүгүн, 27-январда Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен директор болуп дайындалды. Ал музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген.

Жаңы директорду окуу жайдын эмгек жамаатына министрдин орун басары тааныштырды.

Окуянын чоо-жайы:

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги апелляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, отурум 3-февралга белгиленген.

22-январда окуу жайдын эмгек жамаатынын нааразычылыктарынан улам Самара Каримова жетекчилик кызматтан баш тартарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nargiz-sa
2021-01-27 13:05:03
Самара өзү менен бул окуу жайды да хит кылды болбосо кадрдык маселелери мынчалык жарыя болчу эмес
+10
portugalia
2021-01-27 14:47:05
Бул жерде да чон коррупция бар болгон учун жабышып жаткандыр Самаш
-2
Nina.alex
2021-01-27 15:07:50
"Кузгу, кузгу училище кимдики "деп самара сураса, Кузгу "сеники, Самара "деп алды окшойт адашып
+5
nazira...
2021-01-27 18:39:00
Nina.alex,күзгүнүн айтканына ишенбеш керек да ошон үчүн.Күзгү менен бардык иш бүтө бербейт да. Бүтсө дагы ал временно эле, убактынча жыргайт анан куурайт.Күзгүсү күл кылды го.
+2
Aky12
2021-01-27 19:33:22
Жугургондуку эмес буюргандыкы деп ушуну айтат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан