"Пандемия бүтүп, жакшы күндөр келерине үмүт берген чыгарма". Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" клиби "Супер хитте" жеңүүчү болду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору жанданды. Долбоор кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.

20-ЯНВАРДАН 27-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Мурадил Данияровдун "Болбой эле" видеокомпозициясы эң аз добуш топтоду.

9-орунга - Айбек Замировдун "Это любовь" видеоклиби жайгашты.

8-орунду - Тата Уландын "Келатат жаштар" чыгармасы камсыздады.

7-орунга - Аваз Акимовдун "Элегант" аталышындагы чыгармасы жайгашты.

6-орун - Айганыш Абдиеванын "Сен менде ганасың" аталышындагы чыгармасына буюрду.

5-орунду - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" видеокомпозициясы ээледи.

4-орунду - Анжеликанын "Бакытым" чыгармасы камсыздады.

3-орун - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Айгерим Расул кызынын "Роза" чыгармасына буюрду.

1-орун - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

"Дүйнө жүзүнө тараган илдет бир топ жылга чейин элдин эсинен кетпейт. Кийинки муундарыбыз дагы азыркы кырдаал жөнүндө тарых беттеринен окуп, билери талашсыз. Кудай буюрса, алдыда жакшы күндөр, жаркын келечек күтүп турарына ишенели.

Илдет жалпы адам баласын көп нерсеге үйрөтүп, ден соолук кадырын билүүгө, ынтымакка, биримдикке, сабырдуулукка үйрөтүп, адал-арамды айырмалоого көзүбүздү ачты. Мындан улам пандемиядагы көрүнүштөрдү чагылдырып, жакшы күндөр келерине үмүт берген чыгарма жаздым", - дейт чыгармасы биринчи орунду алган Мирлан Баеков.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-01-27 17:52:53
Мыкты чыгарма туура чечим мага да аябай жакты бул чыгарма
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан