АФК Кубогу-2021: "Алай" күчтүү тайпага түшүп калды". "Дордой" жана "Алай" клубдарынын тайпадагы атаандаштары аныкталды

Бүгүн, 27-январда Куала-Лумпур шаарында Азия Футбол Конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тайпалык баскычындагы чүчү кулак болуп өттү.

Бул чүчү кулакка Кыргыз өлкөсүнүн эки командасы катышты. Алар өлкө чемпиону болгон бишкектик "Дордой" жана өлкө Кубогунун ээси болгон Оштун "Алай" клубу. Жалпысынан борбордук зонадагы 7 команда чүчү кулакта 2 тайпага бөлүнүштү.

Чүчү кулактын жыйынтыгында "Дордой" клубу "Е" тайпасында жайгашып, анда Тажикстандын Кубогунун ээси "Равшан" жана Түркмөнстандын вице-чемпиону "Ахал" клубдары менен беттешет.

Ал эми Оштун "Алай" клубу "F" тайпасына жайгашты жана анда Өзбекстандын "АГМК" же "Насаф", Түркмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" жана Тажикстандын вице-чемпиону "Худжанд" командалары менен кез келет.

Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча оюндар 14-20-май күндөрү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-01-27 15:34:39
Ушулар кучтуу командабы?Алай талкалайт баарын куда кааласа...
0
make2
2021-01-28 01:20:38
Mister-XXX,алайдан ккчту́у́да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан