15-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалган. Ал 2018-жылы аталган окуу жайга жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.
Ал арада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын арызын канааттандырган Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата даттануу арызын жазып, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Соттук отурум 3-февралга белгиленген.
Бирок эмгек жамааттын нааразычылыгынан улам Самара Каримова 25-январда кызматтан аргасыз баш тарткан. Ырчы кызматтан баш тарткан күндө деле соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан белгилүү болду.
"Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча отурум болот. Соттук процесс акыркы чечим чыкканга чейин улана берет",- деди мекемеден.
Белгилей кетсек, Оштогу музыкалык окуу жайга 3 айлык мөөнөт менен Ильязбек Ташболот уулу директор болуп дайындалды.