Кыргыз футболчуларынын "Леванте" клубунун кароосунда жүргөн сүрөтү жарыяланды

Эки жаш кыргыз футболчулары Эмир-Хан Кыдыршаев менен Аким Бектургановдун Испаниянын жогорку лигасында ойногон "Леванте" футболдук клубунун кароосунда жүргөн сүрөтү жарыяланды.

Сүрөттө эки кыргыз футболчунун тең "Леванте" клубунун формасын кийип турганын көрүүгө болот.

"Леванте" футболдук клубу 1909-жылы негизделген. Учурда бул футболдук клуб Испания чемпиондугунун Жогорку Лигасында (Ла Лига) ойнойт жана Ла Лиганын турнирдик жадыбалында 23 упайы менен 12-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан