2020-жылдын акыркы күндөрү Кыргыз өлкөсүнүн каржы тармагы банктык рынокко таасири тие турган окуялар менен коштолду. Тактап айтканда, Jýsan Bank Кыргызстандагы "Оптима Банк" ААКсынын башкы компаниясы АТФ банктын акцияларын сатып алды. Бул Оптимага кандай таасир тийгизет?
Башкы компания болгон АТФ банктын күчтөнүүсү жана күчтүү каржылык Jýsan группасына кирүүсү - Оптима үчүн ишенимдүүлүктүн жогорулоосуна жана жаңы санарип кызматтардын ылдам өнүгүүсүнө түрткү болот деген ишеним бар.
"Оптима Банктын" башкаруучу курамы өзгөрүүсүз калып, туруктуу стратегиялык өнүгүү боюнча жумуштар уланууда. Банкта орто жана чакан бизнести өнүктүрүү жана корпоративдик насыя алуу боюнча кызыктыруучу шарттар түзүлдү. Бишкектин борборунда жаңы эки офис ачылып, терминалдар жана банкоматтар тармагы кеңейтилди.
2020-жыл өлкө үчүн анын ичинде банктык сектор үчүн оңой эмес жыл болду. Бирок "Оптима Банк" үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Банк активдер боюнча рыноктун 15 пайызын, кредиттик портфель боюнча 17 пайызын, депозиттик база боюнча - 16 пайызын жана таза киреше боюнча 16 пайызын ээлеп, банктык рыноктогу лидерлик позициясын сактап калды. Каржылык пландагы мындай салмактуу ийгиликтерге кошумча, “Оптима Банк” эл аралык "Жылдын тандоосу" сынак-фестивалынын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы "Банк №1" наамына 10-ирет ээ болду.