Акындар аймактарды кыдырып концерт коёт

Төкмө акындар өлкөнүн жети облусун кыдырып концерт берет. Бул тууралуу акын Баян Акматов SUPER.KG порталына билдирди.

"Буюрса, февраль айынан баштап аймактарды кыдырып, элдин көңүлүн ачып концерт коёлу деп жатабыз. Алгач эле Ысык-Көл, Нарын облустарынан баштаганы турабыз. Мүмкүнчүлүк болсо өлкөнүн булуң-бурчундагы айылдарга баруу ниетибиз да бар. Баарыбыз билгендей эле пандемиядагы жоготуулар, өлкөдөгү болуп өткөн акыркы саясий окуялар элди ансайын кайгыга чөктүрүп койду. Биздин башкы максатыбыз - капаланган карапайым элдин жарпын жазып, көңүлүн көтөрүү. Мындай учурда маданият адамдары уктап жатып алсак туура болбой калат", - дейт Акматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erik3
2021-01-28 11:11:34
Ар бир айылга маданият, искуство тармагын жеткизелик.
+4
nazira...
2021-01-28 11:37:48
Элдин рухун, духун көтөрүппү. Жаз, жай айларында чыкпайсынарбы, мынча шаштынар.
+2
Asmat84
2021-01-28 14:30:28
nazira..., Шашыппы деп тим эле какшыктагансыйсың го ээ
Илгери кыш жаз дебей эле аймактарды кыдырып элге кызмат кылып анан таанылышкан, азыркы ырчыларга окшоп инстаграм дан эмес
+1
alym21
2021-01-28 13:10:34
Келгиле,кутобуз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан