"Эл берди сизге бийликти, эл мүдөөсүн актаңыз!". Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр бүгүн, 28-январда президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаровго ыр менен кайрылуу жасады.

Анда төкмө акын тарыхтан кеп салып, өлкөнүн учурдагы абалын ырдап, Садыр Жапаровго бир нече кеңеш, өтүнүчтөрдү айтат. Ошондой эле ал, бийликти эл бергендигин айтып, андыктан элдин мүдөөсүн актаган жол башчы болуусун кошумчалаган.

Жеңишбек Жумакадырдын бул кайрылуусу социалдык тармактагы баракчасына жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Ага элдин көпчүлүгү жылуу пикирлерин калтырышууда.

Белгилей кетсек, бүгүң, 28-январда Бишкектеги Улуттук филармонияда ант берүү аземи болуп, Садыр Жапаров расмий түрдө президенттик тактыга отурду.

Инаугурацияга коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, чет өлкөлүк коноктор жана спортчулар болуп, жалпысынан миңден ашык киши чакырылган.

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Садыр Жапаровго кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Raihan0602
2021-01-28 16:49:41
Айтканыңыз келсин ак таңдай акыным
+2
erkeleim
2021-01-28 17:05:01
Азамат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан