Бүгүн, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы болуп өттү.
Инаугурацияга коомдук-мамлекеттик ишмерлер, чет өлкөлүк коноктор жана спортчулар болуп, жалпысынан миңден ашык киши чакырылган.