Хабиб Нурмагомедов футболдук клубга чакыруу алды

UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго Орусиянын "КАМАЗ" футболдук клубунан чакыруу келди. Мындай маалымат аталган клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Хабиб, кош кел! Сени чоң футболдо биздин команданын курамында дебют кылууга чакырабыз. Биз ар бир оюнду жеңиш үчүн гана ойнойбуз. "КАМАЗ" бул ФНЛге кошулуу үчүн алдына максат койгон команда. Сени Новороссийск шаарында 21-февралдан 5-мартка чейин боло турган машыгууга чакырабыз", - деп жазылат аталган клубдун чакыруусунда.

"КАМАЗ" Орусиянын Набережные Челны шаарынын футбол клубу. 1981-жылы 11-ноябрда негизделген. 1993-1997-жылдары футбол боюнча Орусиянын чемпионатынын Жогорку Лигасында ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан