Түркияда жүргөн Нияз Абдыразаков үйлөндү деген кептер тарады. Ырчы буга эмне дейт?

Социалдык тармакка ырчы Нияз Абдыразаков жашыруун үйлөндү деген кептер тарады. Анда ырчы Түркиядагы миллиардердин кызына баш кошкону да айтылат.

Учурда Түркиянын Стамбул шаарында жүргөн ырчы жогорудагы маалыматты четке кагып, буларга токтолду.

"Тараган маалымат туура эмес. Эл катары эс алганы келдим. Эс алуу менен бирге клип тарта кетейин деп жаңы ырга клип тартып жүрөбүз. Тартуу процессиндеги айрым кадрларды социалдык тармакка чыгарганбыз, ошол бурмаланып кетти.

Мени үйлөндү деген маалыматты окуп бир күлүп алдым. Буюрса үйлөнөт окшойм, элдин оозуна май деп койдум", - деди ал.

Ошондой эле Нияз Абдыразаков жаңы чыгармасы Стамбулда эс алып жүргөндө жаралганын айтты. "Жаңыдан чыгып келе жаткан таланттуу инсандарга колдоо иретинде Майрамбек деген иним менен дуэт даярдап жатабыз", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан