Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.
Коронавирус пандемиясынан улам өлкө чемпиондугуна көрүүчүлөр киргизилген жок. Ошондой эле мелдештин калыстарына, машыктыруучуларга да бет капты чечпөө милдеттендирилди.
Бүгүнкү мелдеште 5 салмак категорияда жалпы 142 балбан күч сынашып жатат. Финалдык беттештер 17:00дө башталат.