Нарын райондук ички иштер бөлүмү 1993-жылы туулган Гүлсүн Таалайбек кызына издөө салат. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлсүн Таалайбек кызы Нарын районуна караштуу 8-Март айылында туулган. Ал 2017-жылдын 7-июль күнү Бишкек шаарына кеткен боюнча дайынсыз.
Бою болжол менен 165-170сантиметр, чачы кара узун, өңү ак жумал, көзү күрөң.
Милиция кызматкерлери көргөн билгендер болсо Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 03522 5-16-51, 0500 01 00 04.