Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.
57 килограмм салмак ченинде килемге чыккан балбандар Кутманбек Пазылов жана Болотбек Жакшынбетов аттуу балбандар кез келишип, беттеш 5:5 эсебинде аяктады. Кутманбек Пазылов акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн жеңишке ээ болду.
Жеңилүү ызасын тартып, калыска нааразычылын билдирген Болотбек Жакшынбетов килемден бир нече убакыт чыкпай койду. Кийинки беттеш башталгандыгына байланыштуу ал килемден чыгарылды.
Бүгүнкү мелдеште 5 салмак категорияда жалпы 142 балбан күч сынашып жатат. Финалдык беттештер 17:00дө башталат.