Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда өткөн жылы 142 кылмыш ишинин бети ачылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өткөн жылы 142 кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жыл ичинде Кызыл-Кыя шаарынын калкынын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан бир нече иш-чаралар өткөрүлүп турган.

"Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү калкка отчёт беришти. Жолугушууга келген тургундар негизинен өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү боюнча маселелерди көтөрүштү. Аталган аймакта өткөн жыл ичинде жалпы 152 кылмыш иши тергелип, 142 кылмыш ишинин бети ачылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан