Эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу: Азия чемпиону Арсалан Будажапов атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.

74 килограмм салмак ченинде Арсалан Будажапов атаандашы Чыңгыз Садыковду 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Арсалан Будажапов былтыр Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 74 килограмм салмак ченинде чемпион болгон.

Бүгүнкү мелдеште 5 салмак категорияда жалпы 142 балбан күч сынашып жатат. Финалдык беттештер 17:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан