Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун биринчи күндүк мелдештери өтүп жатат.
Биринчи күндүк мелдешке 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмак чендеринде жалпы 142 балбан килем үстүнө чыкты. Эртең, 30-январда мелдештин экинчи күнү саат 11:00дө старт алат.
Мелдештин биринчи күнүндөгү сүрөттөрдү сунуштамакчыбыз.