Эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу: Азия Чемпиону Арсалан Будажапов үчүнчү орунга ээ болду

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.

74 килограмм салмак ченинде үчүнчү орун үчүн беттеште Азия Чемпиону Арсалан Будажапов Ош шаарынын балбаны Исхакбек Шопоковду 4:6 эсебинде жеңип, өлкө чемпиондугунда үчүнчү орунду камсыздады.

Арсалан Будажапов былтыр Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.

Бүгүнкү мелдеште 5 салмак категорияда жалпы 142 балбан күч сынашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан