Күрөш: Эламан Догдурбек уулу өлкө чемпиону аталды

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун финалдык беттештери саат 20:00дө уланды.

74 килограмм салмак ченинде финалда Эламан Догдурбек уулу Стамбул Жаныбек уулун 6:4 эсебинде жеңип, өлкө чемпиону аталды.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, эки балбан тең мыкты күрөш тартуулашты.

Бүгүнкү мелдеште 5 салмак категорияда жалпы 142 балбан күч сынашты. Учурда мелдеш уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан